Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

ВИЧ илдетине чалдыккан балдардын энелери Жогорку Кенеш алдына чыгышат


Дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧ илдетине чалдыккан балдардын энелери Оштон Бишкекке келип, Жогорку Кеңеш алдында митинг өткөргөнү жатышат. Акциянын уюштуруучулары "Азаттыкка" кабарлашкандай, бүгүн алар Ош облустук ооруканасынын алдына чыгып, митинг уюштурушат. Анан балдары менен чогуу Бишкекти көздөй жолго чыгышат. Койгон талаптарынын негизгиси - алардын балдарын айыккыс дартка чалдыктырган дарыгерлерди жоопко тартуу жана жугузуу фактыларынын дагы эле уланып жатканын коомчулукка жеткирүү. Митингчилердин айтымында, Ош облусунда дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧке чалдыккан балдардын саны 200дөй. (RK)

XS
SM
MD
LG