Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

"Ата-Бейитте" 7-апрелде курман болгондорго эстелик ачылат


16-ноябрда Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте курман болгондорго эстелик ачылат. Ага мамлекет башчысы Роза Отунбаева катышат. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, алгач сталиндик репрессиялардын курмандыктарына арналган эскерүү митинги өтөт. Иш-чарада "Ата-Бейитке" коюлгандарга багышталып куран окулат.

Азыркы "Ата-Бейит" турган жерде 1938-жылы ноябрда кыргыздын алгачкы интеллигенттери, ошол кездеги партиялык жана башка кызматтардын жетекчилери улутчул, панисламчыл, совет өкмөтүнүн душмандары катары айыпталып, атылып кеткен. Ал жерден жалпысынан 19 улуттун өкүлүнөн турган 138 адамдын сөөгү табылган. 1991-жылы 30-августта Кыргызстан эгемендигин жарыялаардан бир күн мурда мамлекеттик деңгээлде алардын сөөгү аздектелип, кайра жерге берилген болчу.

2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте бийликке каршы митинг чыгып, токсондой адам набыт болгон. Алардын көпчүлүгүнүн сөөгү да "Ата-Бейитке" коюлган. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG