Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Жалал-Абаддын ондогон көчөлөрүндө электр энергиясы жок


Кечээ жааган жамгырдын карга айланышы Жалал-Абад шаарынын ондогон көчөлөрүндө, көп кабаттуу үйлөр менен айрым балдар бакчаларында электр жарыгынын өчүүсүнө алып келди. Кабарчыбыздын маалымдашынча, ушу тапта шаардын электр тармактар ишканасынын он тобу керектөөчүлөрдү электр жарыгы менен камсыз кылуунун аракетин көрүшүүдө. Ишкананын башкы инженери Нурмамат уулу Алтынбек саат 11ге дейре « Достук» жана Могол» кичи райондоруна электр берилгендигин маалымдады. Анын айтымында, жарыктын өчүүсүнө суулуу кардын жааганы себеп болду жана Жалал-Абадда кечке дейре электр жарыгы толугу менен күйгүзүлөт. Бүгүн Бишкектин да бир нече көчөсү жарыксыз калды. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG