Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

Таласта 100дөй митингчи жолду бууганга даяр экенин билдиришүүдө


Ушу тапта Талас облустук мамлекеттик администрациясынын алдында 100дөй адам катышкан митинг болуп жатканын кабарчыбыз маалымдайт. Митингчилер "Талас Коппер Голд" компаниясынын лагеринин өрттөлүшүнө тиешеси бар деп шектелген 3 жарандын суракка алынышына каршы экенин билдирип жатышат. Талабы аткарылбаса, Бишкек-Талас жолун бууганга даяр экенин айтышууда.

Талас районунун Арал айылына жакын жайгашкан Талды-Булак кенин чалгындап жаткан "Талас Коппер Голд" компаниясынын имараты эки жолу өрттөлгөн. Биринчиси жазында болгон. Компаниянын ишин токтотуу талабын койгон жергиликтүү элдин митинги учурунда башаламандык чыгып, лагери өрттөлгөн. Анда иш тынчтык жолу менен аяктаган. Экинчи жолу 8-октябрда лагердин чатырын белгисиз бирөлөр өрттөп кетишкен. Бул кылмышка шектүү деп жергиликтүү 9 адам кармалган. Аларды суракка алууга эл мүмкүнчүлүк бербей койгон.

Алардын үчөөнү бүгүн башка жерге, Бакай-Ата районуна алып барып суракка алып жатышат. Митингчилер ошол сурактын токтотулушун талап кылып жатышат. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG