Ушул жылдын 20-июлундагы зилзаладан Баткен облусунда 13 мектеп жабыркаган. Жалпысынан зилзаладан жабыркаган билимканалардын төртөөсүндө окуганга болбойт деген тыянак менен чатырларда 1-сентябрды тосушкан. Андан кийин өрт чыгып Көкташ айылындагы мектеп окуучулары да баш паанексиз калышкан. Күн суук болуп кеткенине байланыштуу 3 мектептин окуучулары кайрадан авариялык абалдагы имаратка көчүрүлүп, бир мектеп окуучулары кышкы, жайкы эс алуунун эсебинен ноябрь айынын аягына чейин эс алууга чыгарылды. Аталган 3 мектепте жаңы имараттын курулушу ушул жылдын сонуна чейин бүткөрүлсө, окуу 3-чейректен баштап жаңы имараттарда улантылаарын Баткен облустук акимчилигинин билим берүү бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришти. (JsA)