Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

МАГАТЭ Ирандын ядролук ишмердигине шектенди


Атомдук энерегия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү үчүн Тегеранга мартабалуу делегация жөнөтөт. Агенттиктин башчысы Юкио Аманонун Венада 17-ноябрда ачылган эки күндүк эл аралык жыйындагы сөзүнчө, сапар өткөн аптада МАГАТЭ жарыялаган докладдагы маалыматтарды тактоого тийиш.

Докладда Ирандын өзөктүк куралдардын технологиясын өнүктүрүп жатканын күбөлөгөн ишенимдүү далилдер бар деп көрсөтүлгөн болчу. Аманонун айтышынча:

- Маалыматтар Иран өзөктүк жардыруучу куралдарды өнүктүрүүгө байланышкан иштерди өтө активдүү жүргүзүп жатканын көрсөттү. Анда 2003-жылдын аяктар алдында мындай иштер систамалаштырылган программа боюнча жүргүзүлгөнүн ырастаган далилдер да бар. Ошон үчүн бул иш али улантылып жаткан болушу ыктымал.

Иран Ислам Республикасы МАГАТЭнин адистеринин изилдөөсүн негизсиз деп четке каккан.

XS
SM
MD
LG