Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда Жалпыга маалымдоо каражаттарында чет өлкөлүктөр менен никелешүүгө чакырган жарнамаларды тыюу боюнча токтомдун долбоорун карайт. Долбоор буга чейин ЖКнын Жаштар саясаты, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү комитети менен Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитети карап, экинчиси жактырган эмес. (EBM)