Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Ур-токмоктон өлгөн аскердин атасы сот чечимине макул эмес


Ур-токмоктон каза болгон аскер Абдразак уулу Назарбектин атасы Абдразак Ташболотов сот чечимине нааразы. Бул тууралуу ал бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Сот чечимине күнөөлүү деп соттолгон балдардын ата-энелери да нааразы экенин айтышууда. Каза болгон баланын атасы да, соттолгондордун жакындары да күнөөлүү деп чек ара бекеттин командири Улан Сыдыгалиевди атап жатышат. Абдразак уулу Назарбек Сыдыгалиевдин ур-токмогунан каза болгонун айтышууда.

Ушул жылдын март айында Баткендеги Катраң чек ара бөлүгүндө кызмат өтөгөн Абдразак уулу Назарбек аскердеги ур-токмоктон ажал тапкан. Козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү аяктап, Ош облустук Аскер гарнизондук соту 4 аскерди 10 жылдан эркинен ажыратты. Чек ара бекетинин командири 5 жылга кесилди.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, сот өкүмү мыйзам чегинде кабыл алынган. Териштирүү учурунда соттолгон балдардын күнөөсүн далилдеген соттук-медициналык материалдар көрсөтүлгөн, жараянга бардык тараптын өкүлдөрү катышышкан, тергөө учурунда жабырлануучу тараптагы дагы үч бала чын эле аларды соттолуп жаткандар сабаганын айтышкан, прокурор аларга карата мындан да катуу чараны колдонуу керектигин соттон өтүнгөн.(JAk/RK)

XS
SM
MD
LG