Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Оштун окуучулары СПИД темасына арналган сүрөттөрдү тартышат


Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Кара-Суу жана Араван райондорунда мектеп окуучулар арасында СПИДке каршы күрѳшүү жана профилактика жүргүзүү темасына арналган мыкты сүрөт жана плакат, мыкты спектакль жана мектептердеги ШТКнын (КВН) мыкты оюнчулары үчүн сынак өтөт. Мындай иш-чара Бишкекте да өтөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Сынакты өткөрүүгө АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча USAID агенттиги колдоо көрсөтүүдө. Эң мыктыларына футболка, саат, флэш-карта, канцелярдык буюмдар түрүндө белектер тапшырылат. Жыйынтыгы 1-декабрь - СПИДке каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата чыгарылат. Кыргызстанда бул айыккыс илдетке чалдыккандардын саны үч миңге жакын адам экени айтылууда. Алардын арасында эки жүздөйү - балдар. (RK)

XS
SM
MD
LG