Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Бишкек мэри Өмүркуловдун уулунун соту уланат


Бүгүн Токмок шаардык соту Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов боюнча кылмыш ишин кароону улантат. Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” айтымында, сотто жабырлануучулар суралат деп күтүлүүдө.

Азамат Өмүркулов 16-ноябрда өткөн соттук жараянда журналисттердин катышуусуна тыюу салышын судьядан суранган. Судья Алмаз Калпаев анын бул өтүнүчүн канааттандырган болчу.

Август айында Токмоктун четинде жол кырсыгы катталган. Анда үч адам набыт болгон. Тергөө учурунда мэрдин уулунун күнөөсү бар экени айтылып, ага расмий айып коюлган. Алгач ага карата сырт жакка чыкпоо тууралуу тил кат менен, кийин үй камагы түрүндө баш коргоо чарасы аныкталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG