Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Кыргызстан Өзбекстанга электр энергиясын сатат


Учурда электр энергиясын жеткирүү шарттары жана баасы боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бул туурасында энергетика министри Аскарбек Шадиев 22-ноябрда биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен болгон жумушчу жолугушууда билдирди. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, бул маселелерди талкулоо үчүн атайын топ Өзбекстанга кеткен.

Бүгүнкү күнү Кыргызстан электр энергиясын Казакстан жана Кытайга экспорттойт. 2011-жылдын 9 айынын жыйынтыгында Кыргызстан Казакстанга 2 миллиард 125 миллион кВт-саат электр энергиясын саткан. Бул 2010-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. (КЕ)

XS
SM
MD
LG