Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Рак оорусуна чалдыккандардын маянасы толук төлөнүп берилет


Кыргызстанда онкологиялык илдетке чалдыккан жарандарга каржылык жардам көрсөтүү боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Калкты социалдык жактан коргоо министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашты. Чечим ишетеген жарандарга тиешелүү. Ооруп калганын тастыктаган расмий документтин негизинде ага иштеген жери ар бир жумушка келбей калган күнү үчүн акчасын толугу бойдон төлөп берүүгө милдеттүү. Бул чечим мамлекеттик бюджетке кошумча жүк болбойт. Себеби акчаны иштеген жери төлөйт. Кыргызстанда соңку жылдары онкологиялык оорулар күч алып жатканы айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG