Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Лесное айылынын окуучулары мектепке бара албай калышты


Чүйдүн Сокулук районундагы Лесное айылынын 178 баласы мектепке бара албай калышты. Бул тууралуу бүгүн өкмөттөгү жыйында район акиминин милдетин аткаруучу Элкинбек Ашырбаев билдирди. Анын айтымында, бул айылдын окуучулары 7 чакырым алыс жайгашкан Манас айылынын мектебине барып окушат. Балдар жолдон кыйналбасын деп АКШнын "Манас" аэропортундагы авиабаза гуманитардык жардам катарында атайын автобус берген. Бирок каттоодон өткөн жок жана тиешелүү документи жок деген жүйөө менен ал автобустун иштешине тыюу салынган.

Өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов бул маселенин тез арада чечилишин талап кылды. Анын айтымында, мындан ары бул сыяктуу окуялар болбошу керек. (RK)

XS
SM
MD
LG