Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:59

Аба ырайы: Күндүн көзү көрүнбөйт


Шашылыш билдирүү

Ноябрдын 27-28-де жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдордо кар көчкү, кар күрткүсү болот жана муз тоңот. Кар көчкү жүрүү коркунучу бар аймактардагы асфальт жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо, таш жолдордо, кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактарда жол жүрбөө сунуш кылынат.

Аба ырайы

28-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с, Ысык-Көл кылаасында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын темпаратурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...-9 күндүз 0...-5
Талас облусунда түнкүсүн -5...-10 күндүз 0..-5
Баткенде түнкүсүн -3...-8 күндүз -1...+4 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...-7 күндүз 0...5
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...+1 градус, күндүз -1...+4
Нарында түнкүсүн -4...-9 күндүз -3...+2.
Тоолордо түнкүсүн -15...-20 градус, ал эми күндүз -5...-10.

Бишкекте түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт, күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын ылдамдыгы 3-8 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 градус суук, күндүз 1…3 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG