Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

“Курманжан Датка” орденинин үлгүсүн тандоо боюнча сынак жарыяланды


Кыргызстанда “Курманжан Датка” орденинин үлгүсүн тандоо боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу президенттин Жарлыгы чыкты. Сынакты каржылоо президенттин Иш башкармалыгына жүктөлдү. Ага геральдика боюнча адистер, сүрөтчү-дизайнерлер катыша алат. Жеңүүчүсүнө каралган сыйлык акысынын өлчөмү 45 000 сомду түзөт. Быйыл өлкөдө Алай ханышасы аталган Курманжан датканын 200 жылдыгы белгиленүүдө. "Курманжан Датка" ордени менен Кыргызстандын ар кыл тармактарына эмгеги сиңген көрүнүктүү инсандар сыйланат. (RK)

XS
SM
MD
LG