4-декабрда Орусияда парламенттик шайлоо өтөт, андыктан бүгүн үгүт иштеринин бардык түрлөрүнө тыюу салынган. Мыйзам боюнча добуш берүү участогунан 50 метр алыстыктагы көрнөк-жарнактар өз ордунда тура берет.
Орусияда биринчи жолу бул жолку шайлоого расмий катталган 7 саясий партиянын бардыгы катышууда. «Адилет Орусия», Либерал-демократтар партиясы, «Орусиянын патриоттору», Коммунисттер партиясы, «Яблоко», «Бирдиктүү Орусия» жана «Оңчулдар» партиялары талапкерлерин чыгарды.
Орусияда Мамлекеттик Думанын депуттарынын мөөнөтү 5 жылга, ал эми президенттики 6 жылга узартылган.