Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Тараздагы чабуулда колдонулган гранатометтун тек-жайы талкууланат


Казакстандын Тараз шаарында ноябрда болгон куралдуу чабуулда колдонулган гранатометтун Кыргызстанга тиешелүү болуп болбогонун бүгүн депутаттар талкуулайт. Парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жогорку Кеңештеги Коргонуу жана коопсуздук комитетинин бүгүнкү жыйынында УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат берээри күтүлүүдө. Буга чейин Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Тараздагы террордук чабуулда колдонулган РПГ-26 гранатомету Кыргызстандан алынган деген сөздөр чындыкка коошпой турганын билдирген.

12-ноябрда Казакстандын Жамбыл облусундагы Тараз шаарында болгон террордук чабуулда 7 адам набыт болгон. Жамбылдын ички иштер башкармалыгы бул чабуулда колдонулган гранатомет Кыргызстандан келиши мүмкүн деген жоромолун айткан. Бул жагдайды тактоо үчүн кыргыз депутаттары тиешелүү органдарга өтүнүч жөнөтүшкөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG