Эл аралык өнүгүү ассоциациясы Кыргызстанга 6 миллион АКШ долларын бөлүп берүүгө даяр. Эгерде тиешелүү мыйзам долбоору кабыл алынса, бул акча насыя жана грант түрүндө берилет. Бул тууралуу парламенттин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде айтылды. Акча быйыл кол коюлган “Борбордук Азияда гидрометеорологиялык тейлөөнү модернизациялоо” долбоорунун алкагында бөлүнөт. Максаты - Кыргызгидрометтин ишин учур талабына шайкеш келтирүү. (RK)