Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Москва, Санкт-Петербург: Митингдер уланууда


Москвада жана Санкт-Петербургда анти-өкмөттүк нааразылыктар уланууда. Кечээ шамдан кийин Москва менена Санкт-Петербургда Мамлекеттик Думага болгон шайлоодо добуштар бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясына кошуп жазылды деп нааразы болгондордун акциясы уланды. Шаршемби күнкү көчө жүрүшкө дүйшөмбү-шейшемби күндөгүдөй миңдеген адамдар чыкпады. Бирок социалдык байланыш түйүндөрүн колдонгон 25 миңден ашуун адам 10-декабрдагы жалпы улуттук демонстрацияга катышаарын кабарлашты.

4-декабрдагы шайлоодо “Бирдиктүү Орусия” партиясы бул ирет 2007-жылкы шайлоого салыштырганда бир кыйла аз добуш алган. Анткен менен парламенттеги орундардын теңине жакынына ээ болгону кабарланган.

XS
SM
MD
LG