Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Чолпон-Ата: Жаштарды билимге үндөгөн лагерь уюштурулду


Ыcык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында айыл жаштары үчүн «Күчтүү билим- бакубат келечек!» деген аталышта лагерь өткөрүлүп жатат. Иш-чараны Жаштар иштери боюнча министрлик уюштурууда. Аталган министрликтин аймактагы бөлүмүнүн башчысы Гүлнура Мамырованын “Азаттыкка” билдиришинче, лагердин максаты айылдык активдүү жаштарды коомго, мамлекеттин жаштар саясатына аралаштыруу, билим деңгээлин жогорулатуу, элеттеги маанилүү көйгөйлөрдү талкулап, аларды чечүү жолдорун табууга үйрөтүү, жаштар арасындагы ынтымакты бекемдеп, улуттук, мекенчил сезимдеринин түптөлүшүнө салым кошуу болуп саналат.

Лагерге Ысык-Көлдөгү 60тан ашуун айыл өкмөттөн, район жана шаарлардан келген жаштар катышууда. 9-декабрда башталган бул иш-чара 11-декабрга чейин созулмакчы. (MK)

XS
SM
MD
LG