Орусияда жакында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, нааразык билдирип жаткан оппозициянын он миңдеген тарапкерлери бүгүн жумурияттын бир топ шаарларында демонстрацияларды өткөрүшүүдө. Кремлге каршы демонстрациялар Ыраакы Чыгыштан тарта Москвага чейинки көптөгөн шаарларда өтүүдө.
Бийликтер Москванын өзүндө эле демонстрацияда тартипти коргоого 50 миңден ашуун күч кызматкерин жиберди. Алар башаламандыкты суу чачып токтотобуз деп турушту.
Полиция Москвадагы митингге 20 миңге чейин адам чогулду деп жатат, бирок уюштуруучулардын айтымында, бүгүн Болотная аянтына келгендердин саны 100 миңден ашты. Болотная аянтындагы митинг бир нече мүнөт мурда аяктаганы тууралуу да кабарлар айтылууда.
Владивостокто 500дөн 1000 чейин адам митингге чыкты, Хабаровскто 100 ашуун адам камалганы кабарланууда. Камалгандар Ульяновск жана Чита шаарларында да бар экени айтылып жатат. Полиция болсо 45 адам кармалганын кабарлады.
Барнаулда митинг өткөрүүгө бийликтер уруксат беришкен эмес болчу. Полиция кылмыш ишин козгоду. Санк-Петербург шаарында Пионерская аянтына 10 миңдей адам чогулганы кабарланууда.
Уюштуруучулар элди бүгүнкү масштабдуу демонстрацияга интернеттеги социалдык түйүрдөр аркылуу чакырышкан. Бүгүн митинг Революция аянтында өтүшү керек эле, бирок ага катышам дегендердин саны интернетте 50 миңден ашкандан кийин митингдин жайы Болотная аянтына которулган.