Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:49
Президент Нурсултан Назарбаев бүгүн журналисттерге сүйлөп жатып, “Эл Баатыры” деген наамдан баш тартаарын, бирок 1-декабрь “Туңгуч президенттин күнү” катары белгиленишине каршы эместигин билдирди. Бул күн боюнча тийиштүү мыйзам долбоорун парламент бүгүн кабыл алган.

Демилгени көтөргөн депутаттардын тобу мыйзам долбоорун жумурияттын эгемендигинин 20-жылдыгына чейин кабыл алыш керектигин айтышкан. Көзкарандысыздык майрамы Казакстанда 16-декабрда белгиленет.

Казакстанда 1991-жылдын 1-декабрында өткөн алгачкы президенттик шайлоодо Нурсултан Назарбаев 98,7% добуш менен беш жылга президент болуп шайланган. Ошондон бери бул өлкө мамлекет башчы алмаша элек.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG