Бул тууралуу өлкөнүн айлана-чөйрө боюнча министри Питер Кент жарыялады. Анын айтымында, протокол Канаданын кызыкчылыгына жооп бербейт жана өлкөгө көмүр-кычкыл газдын бөлүнүшүн кыскартуу боюнча келишимде каралган шарттарды аткарбаганы үчүн айып төлөөгө туура келет. Канаданын айлана-чөйрө министри ошондой эле Киото протоколу көмүр-кычкыл газдын эң ири эки бөлүп чыгаруучусу: АКШ менен Кытайды камтыбагандыктан иштей албасын кошумчалады.
Муну менен Канада климаттагы өзгөрүүлөр менен күрөшүүнү караган дүйнөлүк келишимден чыккан алгачкы өлкө болуп калды.
Расмий Оттава мындай кадамга Түштүк Африканын Дурбан шаарында ушул маселе боюнча эл аралык сүйлөшүүлөр аяктагандын эртеси барып олтурат.
Дурбанда 200дөй өлкөнүн өкүлдөрү дүйнө климаттагы өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү боюнча жаңы келишимди 2015-жылга карата түзүүсү керектигин макулдашкан. 1997-жылы кол коюлган Киото протоколунун мөөнөтү келерки жылдын соңунда аяктайт.