Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:19

Акун: Абактагылар Келдибековдун спикерликтен кетишине нааразы


Бул тууралуу «Азаттыкка» акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди. Анын айтымында, 13-декабрда ачкачылык жарыялаган №31 абактагылар Акматбек Келдибековдун кызматтан кетишине нараазы болуп, анын кайрадан Жогорку Кеңештин төрагалыгына кайра келишин талап кылышууда.

- Менин маалыматым боюнча, ачкачылыктын артында криминалдын түрткүсү болуп жатат. Азыр Акыйкатчынын өкүлдөрү бул абактарга барып ачкачылыктын себебин териштирүүгө аракет кылууда, - деди Турсунбек Акун.

Жазаларды атккаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Калыбек Качкыналиев болсо мындай маалыматтын тактала электигин билдирди. Анын маалыматы боюнча, абактагыларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Бүгүн түштө Кыргызстандагы жети абакта соттолгондор ачкачылык жарыялаган эле. Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Жолдошбек Бузурманкуловдун айтымында, алар кармоо шартын, азык-түлүк менен камсыздоону жакшыртуу талаптарын коюшууда.

XS
SM
MD
LG