Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Ошто балдарды бизнеске үйрөтүп жатышат


“Улыбка” коомдук фонду декабрдан тарта “Чогуу жашаганды үйрөнөлү” аттуу долбоорду ишке ашырууда. Аталган фонддун өкүлү Элмира Умарованын “Азаттыкка” билдиришинче, анын алкагында колунда жок үй-бүлөлөрдөн чыккан 12 жаштан 18 жашка чейинки 500дөй баланы ашпозчулук, тикмечи-бычмачылык, слесарь, ширетүүчү, сантехник адистиктерине жана компьютердик сабаттуулукка үйрөтүшөт. Ошондой эле иш баштоонун жолдорун, бизнес план түзүү боюнча окутуулар өткөрүлмөкчү. “Балдардын арасында таптакыр мектептен калган, же бир жумада 2-3 жолу гана сабакка барган балдар бар”, - дейт Умарова. Анын айтымында, курстар аяктагандан кийин балдарга иш баштоо үчүн үстөк пайызсыз 100 доллардан акча берилет. Бул каражат кайта үч айдан кийин кайтарылышы керек. Кыргызстанда соңку учурда мектепке барбай иштеген балдардын саны көбөйүүдө. (EBM)

XS
SM
MD
LG