Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Казак министри Жаңы-Өзөндөгү кырдаал жөнгө салынганын айтууда


Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов Жаңы-Өзөн шаарына барды. Интерфакска берген интервьюсунда министр шаардагы кырдаал жөнгө салынганын, кечээки тополоңго тиешеси бар деп шектелген 70тей киши кармалганын айтты. Өлкө көз карандысыздыктын 20 жылдыгын белгилеп жаткан кезде башталган тополоңдо 10 киши мерт кетип, 75 адам жаракат алганы расмий тастыкталган. Бийлик башаламандыктын артында “Өзөнмунайгаз” компаниясынын жумуштан кетирилген кенчилери турганын ырастоодо.

Башкы прокурор Асхат Даулбаев чыгымдар тууралуу буларды айтты:

- Массалык тополоңдун натыйжасында шаар акимиатынын имараты, мейманкана, “Өзөнмунайгаз” компаниясынын кеңсесине өрт коюлган. Жеке адамдарга жана фирмаларга таандык бир катар мүлк кыйроого учурады. Машинелер өрттөлүп, банк автоматтары тонолгон.

Жабыр тарткандардын арасында полициячылар да бар экени кабарланууда. Тартип орнотуу үчүн бийлик ошол эле күнү кечинде шаарга аскерлерди жана оор техниканы киргизген. Коопсуздук жагдайынан чочулаган “Өзөнмунайгаздын” айрым жумушчулары бүгүн ишке чыгышкан жок.

Шаар менен байланышуу мүмкүн болбой жатканы айтылууда.
Өлкөдө бир катар эркин вебсайттар ачылбай жатат. Алматыда бир нече активист кармалып, кийин коё берилгени маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG