Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Иран ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөргө кайтууга даяр экенин билдирди


Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглы кечээ ядролук программа боюнча сүйлөшүүлөргө кайтуу тууралуу Батыш өлкөлөрүнүн сунушун Иранга бергенин кабарлады. Ошол эле күнү Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи расмий Тегеран да Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия менен сүйлөшүүгө кайтууга даяр экендигин айтты.

Батыш мамлекеттери “Иран атомдук курал жасап жатат” деп шектенишет. Бул боюнча камтамачылык жакында Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин докладынан кийин андан бетер күчөгөн. Расмий Тегеран болсо анын өзөктүк программасы жайчылык максатты гана көздөй турганын айтып жүрөт.

XS
SM
MD
LG