Бүгүн Бишкекте кумарканалардын жабылышын талап кылган нааразылык акциясы өттү."Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын "Азаттыкка" маалымдашынча, митингге 150дөй киши катышты. Алар 1-январдан тарта Кыргызстанда кумар оюнканалары жабылышы керек деген мыйзам аткарылбай жатканын айтышты.
Митингчилер колдоруна "Казино жабылсын", "Казино, оюн автоматтары балдарыбыздын түбүнө жетип жатат" деген жазууларды кармап алышкан.
"Эгер 9-январга чейин баардык кумарканалар жабылса, биз маалымат жыйынын өткөрүп рахматыбызды айтабыз, эгер жабылбаса, мындан да көп кишини чогултуп митинг өткөрөбүз", - деди Рыскулова.
Кумарканалардын жабылышын талап кылган демилгелүү топтун нааразылык акциясы 4-январда да өткөн болчу. 2012-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандагы кумарканаларды жабуу тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш былтыр күздө кабыл алып, ага президент кол койгон.
Кыргызстандагы кумар оюндар бизнесинин өкүлдөрү өкмөттү сотко беришээрин "Азаттыкка" Оюн бизнеси боюнча ассоциациянын юристи Данияр Мамыров билдирген. Анын айтымында, 1-январдан тарта кумарканаларды жабуу боюнча мыйзамга таянып өкмөт алардын көпчүлүгүнүн лицензиясын алып койду. Бул кумар оюн ишкерлерине чыгып алып келди. Мамыровдун билдиришинче, кумарканалардын ишине тыюу салган мыйзам Конституцияга да, бир нече мыйзамдарга да карама-каршы келет. (RK)