Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Суталиновдун баш коргоо чарасын сот 14-январа карайт


Апрел окуясы боюнча соттолуп жаткан Мурат Суталиновго карата баш коргоо чарасы кандай болушу керектигин өлкөнүн Аскердик соту 14-январда чечет. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Мурат Суталиновго 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектеги митингчилерге ок атылышы боюнча айыпталуучу катары издөө салынган. Былтыр 14-декабрда Суталинов соттук жараянга өзү келип, Бишкек гарнизонунун аскердик соту сот аны үй камагына чыгарган. Бирок жабырлануучулар аны камакка алыш керек деп жатышат.

Апрел окуясы боюнча Суталиновдун баш коргоо чарасы аныктала элек болгону менен, башка кылмыш иши боюнча ал эки айга камакка алынган. 16-декабрда Суталиновду “чек арадан мыйзамсыз өткөн” деген жүйөө менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына алышкан. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG