Оштогу адвокаттар коллегиясынын имараты жаңыланууга муктаж. Бул тууралуу уюмдун өкүлү Зуура Абдурахманова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Ош жана Баткен облустарынын бириккен адвокаттар коллегиясынын имараты акыркы учурда эч кандай шартка жооп бербей калган. “Канчалык аракет кылсак да, ысыта албай жатабыз. Сууктан улам компьютерлерибиз да иштебей калды. Эптеп кагаз иштерин колдо жазып жатабыз”,- дейт Абдурахманова.
Аталган уюмда 45 адвокат эмгектенет. Эмгек маяналарын соттук жараяндарда берилген адвокаттык акылардын эсебинен алышат. Мамлекеттен каржыланбайт.
Жаңыланууга муктаж ишкана Ош шаарындагы калктуу конуштардын арасындагы жапыз тамда жайгашкан. Адвокаттар бул жерде Совет доорунан бери иштеп жатышат. (SE/RK)