Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Иран АКШ жаранын өлүм жазасына кести


Иран соту тыңчы деп тапкан Амир Мирзаи Хекмати жергиликтүү теледен сүйлөп жаткан учуру. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Иран соту тыңчы деп тапкан Амир Мирзаи Хекмати жергиликтүү теледен сүйлөп жаткан учуру. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Иран соту тыңчылык үчүн айыпталган АКШ жаранын өлүм жазасына тартууга өкүм кылды.


“Фарс” маалымат агенттиги кабарлагандай, теги ирандык Америка жараны Амир Мирзаи Хекматиге АКШнын Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) үчүн иштеген деген айып тагылууда.

“ISNA” маалымат агенттигине Иран сотунун өкүлү, мурдагы башкы прокурор Голамхоссейн Мохсени-Ежей айыпталып жаткан Амир Хекмати “душман өлкө - Америка менен кызматташкандыгы жана тыңчылык үчүн өлүм жазасына тартылууда”, - деп билдирген.

Ал эми АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы “Эркин Европа/Азаттык” үналгысына бул жаңылыктан кабардар экенин айтып, бирок азырынча билдирүү жасаган жок.

28 жаштагы Амир Мирзаи Хекмати мурда америкалык деңиз аскер күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Ал АКШдагы Борбордук чалгын кызматы менен иштешип, Ирандын аймагында бир нече терракт даярдаган деп айыпталды. Өлүм жазасына тартылган бул жигиттин ирандык да жарандыгы бар.

Хекмати былтыр камакка алынган. Декабрда ирандык мамлекеттик телеканалдан анын кыска билдирүүсү көрсөтүлгөн, анда ал Иранга жергиликтүү атайын кызматтарга кирип, ЦРУ үчүн жашыруун маалыматтарды таап берүүгө Америка тарабынан жөнөтүлгөнүн мойнуна алган эле.

АКШ бийлиги Хекмати бул билдирүүнү басым астында аргасыз жасаганын айткан. Анын Америкадагы туугандары ал тыңчы эместигин айтып, Иранга үй-бүлөлүк иштери боюнча келгенин баса белгилешүүдө. Алар декабрдагы билдирүүсүндө сот иши акыйкат өтпөй жатканына арызданышкан. Хекматинин жалгыз адвокаты Иран өкмөтү тарабынан дайындалып, сот ишинин биринчи күнүнө дейре аны менен жолуккан эмес.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Ирандан бул жарандын камактан бошотулушун талап кылып келген. Мамдепартамент Иран бийликтери Швейцариянын элчилигинин дипломаттарын Хекмати менен сотко чейин жана сот учурунда жолуктурбай койгонун жарыялаган эле. Ирандагы Швейцария элчилиги АКШнын кызыкчылыктарын аткарат.

Сот иши болсо 2 аптага созулган. Иран мыйзамдары боюнча тыңчылык өтө оор кылмыш болуп эсептелет.

Ирандын чалгын министри Хекматини Иранга коңшулаш Ооганстан жана Иракта жайгашкан америкалык базаларда машыктырылган деп күнөөлөгөн.

Буга чейин сот Хекмати ЦРУ менен байланышы бар экенин моюнга алып, бирок Иранга карата жаман ою жок экенин ырастаганын билдирген болчу.

Өлүм жазасына тартылып жаткан Хекмати АКШнын Аризона штатында төрөлүп, Мичиганда мектепти аяктаган. Анын атасы Али Хекмати - коллеждин профессору.

Иранда АКШнын жараны өлүм жазасына кесилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:15 0:00
Түз линк

Бүгүнкү чечим Иран менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосунда мамилелер чыңалган учурда кабыл алынды. Батыш Иранга өзөктүк курал жасоодо деген шек менен бир катар экономикалык санкцияларды жарыяланган.

9-январда эртең менен Ирандын Чалгын министри көптөгөн жарандар 2-мартта өтчү парламенттик шайлоонун алдында тыңчылык жүргүзгөндүгү үчүн камакка алынганын жар салды.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG