Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

13-январга карата аба ырайы


13-январда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде гана жаан-чачын күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 7...12,
Талас облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз 4...9,
Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 4...9,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8 градус, күндүз 1...6,
Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -10...-15,
Тоолордо түнкүсүн -27...-32, ал эми күндүз -11...-16 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1...3 градус суук, күндүз 8...10 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG