Дүйнөлүк банк Европадагы рецессияга жана өнүгүү жолундагы өлкөлөрдөгү өсүүнүн төмөндүгүнө байланыштуу глобалдык экономиканын өсүүсү басаңдайт деп боолгойт. Банктын 2012-жылкы билдирүүсүндө “Европа рецессияга кирген шекилдүү”, Бразилия, Индия, Орусия, Түштүк Африка жана Түркиянын экономикалык өсүүсү басаңдады деп айтылат. Мындан улам Дүйнөлүк банк быйыл глобалдык экономика 2,5 пайызга, келерки жылы 3, 1 пайызга өсөт деп болжолдойт.
Докладда өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн экономикасы бай, өнүккөн мамлекеттердикине караганда ылдам өсөт деген тыянак жасалат. Банктын июнда жасаган болжолунда 2012-13-жылдары дүйнөлүк экономика 3, 6 пайызга өсөт деп айтылган эле.