Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

Кыргыз жигити АКШда өткөн эрежесиз эр урушту утту


Эр уруш, кармаш, самбо боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, эл аралык таймаштардын байгелүү катышуучусу Болот Абдыкеев АКШнын Филадельфиясында өткөн эрежесиз эр уруштун эки түрү боюнча жеңүүчү аталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Алиби" гезитинин баш редактору Тынчтык Алтымышев кабарлады. Ал жиу-житсу боюнча дүйнөлүк биринчиликте эки версия боюнча жеңүүчү болуп, эки алтын кур тагынды. Таймаш 4-февралда өттү. Ага ар кайсы мамлекеттен келген 20 киши катышты. 83-85 килограмм салмактык категориядагы балбан Болот Абдыкеев Ат-Башынын кулуну. Учурда убактылуу АКШда жашайт.(RK)

XS
SM
MD
LG