Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

"Датка-Кеминди" куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө


Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өтүп жаткан энергетикалык каатчылыкты жоюу боюнча өтүп жаткан парламенттик угууда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Баатыркул Баетов билдирди. Анын айтымында, эгерде Казакстан менен Өзбекстан Борбор Азиялык энергоалкактан чыгып кетсе, өлкөнүн түндүк аймагы электр кубаты менен 40 пайызга чейин гана камсыз болуп калышы мүмкүн.

Ушул тапта Кытайдын ТВЕА компаниясы менен "Датка-Кемин" жогорку чыңалуудагы электр чубалгысын куруу долбоору боюнча эки аптага созулган сүйлөшүүлөрдүн алгачкы этабы аяктаганы турат. ТВЕА компаниясы аны курууга 400 миллион доллар өлчөмүндө каражат жумшала тургандыгын билдирди. Бул баштапкы баадан 30-35 миллион долларга кымбат.

Кыргызстан менен иштешүүгө макулдук берген Пакистандын Aurga компаниясы "Датка-Кеминди" 537 миллион долларга баалап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. (AzK)

XS
SM
MD
LG