Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:17

ЖК комитети өлкөнүн 2012-жылга бюджетин карайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети “Кыргызстандын 2012-жылга бюджети жана 2013-2014-жылдарга карата божомолу жөнүндө” мыйзам долбоорун карайт. Анда каржы министри Акылбек Жапаров, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов маалымат беришет.
Каржы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, быйыл социалдык тармактарга көбүрөөк акча бөлүнөт. Ага каражат кыскартуулардын эсебинен табылат. Быйылкы бюджет салыктар менен бажы төлөмдөрүнөн куралат. Бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 79 миллиард сомду түзүп, былтыркыга караганда 10 миллиардга көптүк кылат. Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибековдун айтымында, быйыл тартыштыкты алдын ала жоюу сунушталууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG