Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Өкмөт Акмат Бакиевдин качышы боюнча жабык жыйын өткөрүүдө


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов Акмат Бакиевдин качышы боюнча жабык жыйын өткөрүүдө. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, бул жыйынга Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилиги өңдүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилиги катышууда.

Бүгүн Башкы прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевдин качышы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Жатак абагындагы Акмат Бакиев ден-соолугуна байланыштуу ооруканага жатып, ал жерден 3-мартта качып кеткени кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG