Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү үч өмүрдү алды


Токтогул районундагы Бишкек-Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкү үч адамдын өмүрүн кыйды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигини басма сөз катчысы Абдышарип Бекиловдун айтымында, кечээ кечинде түшкөн көчкү жалпы жети адамды басып калган:

- Кечээ кечки жети жарымдар чамасында биринчи кар көчкү түшкөндөн кийин жөө өтүп кетебиз деген жети адамды басып калды. Алардын төртөө куткарылды. Үчөө каза болуп, сөөктөрү табылып, Токтогул райондук ооруканасынын өлүкканасына жөнөтүлдү.

Каза болгондор:
1. Ниязматов Куттубек-1969-жылы туулган, Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну;
2. Конокбаев Н. Т. – 1970-жылы туулган, Токтогул шаарчасынын тургуну;
3. Саматов А. -1976-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылынын тургуну.

Издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүнү министри Кубатбек Боронов жетектеп, жалпысынан 40ка жакын куткаруучу тартылды. Бишкек-Ош жолу бүгүн таң менен бир тарапка ачылды. Жолду кардан тазалооү иши улантылууда. 20-мартка чейин жолдун айрым жерлери түнкүсүн жабык болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG