Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Орусияда коомдук сыналгы каналы түзүлөт


Орусиянын кызмат мөөнөтү бүтүп жаткан президенти Дмитрий Медведев өкмөт көзөмөлдөбөгөн жаңы коомдук сыналгы каналына каражат бөлүнөт деп сөз берди. Кечээ жарык көргөн президенттик жардык боюнча, келерки жылдын 1-январынан баштап обого чыга баштоочу каналды алгач өкмөт каржылайт, кийин бул максатта өкмөттүк кор түзүлүп, сүрөөнчүлөрдүн каражаты топтолот. Москвада сүйлөгөн сөзүндө Медведев ошондой эле Коомдук сыналгы көзөмөлдөй турган кеңешке депутаттар да кирбей тургандыгын бышыктады:

- Коомдук сыналгыны кеңеш башкарып, ал Коомдук палатанын механизмдери аркылуу түзүлөт. Палатада ар түрдүү саясий күчтөр болор. Ошол эле убакта жардык боюнча кеңешке өкмөттүк расмий өкүлдөрдүн, анын ичинде мартабалуу мамлекеттик кызматкерлердин жана парламент мүчөлөрүнүн киришине анык-так тыюу салынат.

2000-жылдардын башынан бери Орусиядагы бардык мамлекеттик сыналгы каналдары Кремлдин же ага ымалаш ишканалардын көзөмөлүнө өткөн эле. Марттагы президенттик шайлоого байланыштуу нааразылык акцияларынан кийин бийликтер коомдук канал ачууга сөз берген. (jch)

XS
SM
MD
LG