Жогорку Кеңеш Коомдук телерадиокорпорациянын Байкоочу кеңешине президент көрсөткөн талапкерлердин арасынан бешөөнү шайлады. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Байкоочу кеңешке Игорь Шестаков, Абды Сатаров, Анатай Өмурканов, Рита Борбукеева жана Нурбек Касымбеков шайланды. Байкоочу кеңеш 15 кишиден турат. Анын бешөө президенттен, бешөө парламенттен, ал эми калган бешөө жарандык коом тарабынан көрсөтүлөт. (RK)