Ирактын бир нече шаарындагы 30дан ашуун адамдын өмүрүн алган туташ жардырууну “ал-Каидага” баш ийген “Ирак ислам өлкөсү” уюму уюштурганын жар салышты. Жардырууда 30дан ашуун адам набыт болуп, 100 адам жарадар болгон эле. “Алкаидачылар” кечээ Ирактын аймагында 14 жардыруу уюштурушканын, бул алардын узак мөөнөттүү планынын башталышы гана экенин өз интернет сайтына жазып чыгышты. Ушул эле уюм 20-мартта жасаган жардыруудан Иракта 50 адам набыт болуп, 255 киши жарадар болгон эле.