Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

19 жаштагы кыз жалган документ менен үй алган


19 жаштагы кыз июн коогасында жабырлануучу катары муниципалдык 3 бөлмөлүү батирди мыйзамсыз алган. Бул маалыматты “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев тастыктады. Аталган кыз Ош облусунун муниципалдык башкармалыгынын жана облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлери менен сүйлөшүп, энесин 2010-жылдын 17-июнунда Фурхат айылындагы башаламандыкта каза болгон деген жалган документ жасаткан.

Териштирүү убагында 41 жаштагы Ош облусунун тургуну, үй алган кыздын энеси 24-июнда алыс туугандары тарабынан Кара-Кулжа районунда өлтүрүлгөнү аныкталган. Ал эми аталган кызматтын өкүлдөрүнө “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “жасалма документ жасоо” жана “шылуунчулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG