Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:14

Азия чемпионатында беш кыргызстандык финалга чыкты


Өспүрүмдөр арасында грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпионатында жалпысынан 14 спортчу финалга чыкты. Алардын бешөө кыргызстандыктар. “Азаттыктын” спорттук баяндамачысы Кабыл Макештин маалыматы боюнча, Сардарбек Конушбаев (46 кг), Каниет Байтиков (50 кг), Рустам Тейишов (54 кг), Бекболсун Асаналиев (63 кг) жана Азизбек Атабеков (69 кг) баш бейге үчүн күч сынашмакчы. Финал бир саамдан кийин башталат.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, Өспүрүмдөр арасында эркин, грек-рим жана кыздар күрөшү боюнча Азиянын чемпионатында Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Монголия, Индия, Кытай, Жапония өңдүү 12 өлкөдөн 200гө жакын жаш спортчу күч сынашат. Мелдеш Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG