Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:22

Монголия Кыргызстандан жашылча-жемиш ташууга кызыкдар


Бул тууралуу Монголиянын Түркиядагы элчиси Очир Очиржаев Стамбул – Бишкек – Улан-Батор аба каттамынын ачылыш аземинде билдирди. Анын айтымында, монгол бийлиги Кыргызстан менен соода-экономикалык кызматташуунун жакшырышына үмүт этет. Ишкерлери болсо жаңы жана кургатылган жашылча ташууга кызыктар. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. Буга чейин да монголиялык ишкерлер Кыргызстандан жашылча ташып, түз аба каттам жок болгондуктан токтоп калган.

“Түрк аба жолдору” компаниясынын учагы Стамбул – Бишкек – Улан-Батор аба каттамы аркылуу алгачкы жолу 3-июлда ачылган. Учак аптасына үч жолу каттайт. Алгачкы каттамда мамлекеттик кызматкерлер жана журналисттерден турган 11 кыргызстандык барып келди.

Жазында Монголиянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келгенде Стамбулдан Бишкек аркылуу Улан-Баторго барчу каттам боюнча чечим кабыл алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG