Ирандын тышкы иштер министри Али Акбар Салехи сириялык оппозициянын жакынкы күндөрү өткөөл өкмөт түзүү идеясын сынга алып «Бийликти алмаштыруу жөн гана кыял»,- деди сириялык кесиптеши Валид аль-Муаллем менен Тегеранда өткөн жолугушууда. «Бирөөсү келип эле мен өкмөттү курайм десе, бийликти бере салуу бул - фантазия», - деп кошумчалады Салехи. Бүгүн сириялык оппозиция келаткан жумада жыйынга чогулуп, президент Башар Асаддын командасынын ордуна убактылуу өткөөл өкмөттү түзүү маселесин талкуулайбыз деп билдирүү тараткан.
Иран Сириянын Жакынкы Чыгыштагы негизги өнөктөшү. Жаңжал башталгандан бери Дамаскка дипломатиялык колдоо көрсөтүп келет.
Иран Сириянын Жакынкы Чыгыштагы негизги өнөктөшү. Жаңжал башталгандан бери Дамаскка дипломатиялык колдоо көрсөтүп келет.