Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, Кыргызстандан Тажикстанга мыйзамсыз ташылып бараткан баасы 3 миллион сомдон ашык, 80 тонна күйүүчү май кармалды. Буга байланыштуу Кыргызстандын эки жараны камакка алынып, кылмыш иш козголду. Учурда тергеп-иликтөө уланууда.
Кыргызстандан Тажикстанга Баткен аркылуу күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу былтыр башталган. Өкмөт күйүүчү май аткезчилигин тыюу үчүн атайын штаб да түзгөн болчу.(EBM)
Кыргызстандан Тажикстанга Баткен аркылуу күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу былтыр башталган. Өкмөт күйүүчү май аткезчилигин тыюу үчүн атайын штаб да түзгөн болчу.(EBM)