Беларус президенти Александр Лукашенко Чек ара кызматынын башчысын жана Аба күчтөрүнүн кол башчысын кызматтарынан алды. Генерал-майор Игорь Рачковский жана генерал-майор Дмитрий Пахмелкин “кызматтарын жакшы аткарбагандыгы” үчүн бошотулду.
Өткөн айда швециялык учак Беларустун аба мейкиндигине мыйзамсыз кирип кеткени тууралуу кабар тараган. Швециялык бейөкмөт уюмдун мүчөлөрү ал учактан жумшак оюнчуктарды жана беларус оппозициясын, диссиденттерди колдогон каттарды ыргытышкан.