Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 4-августка чейин республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.

3-августта кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Чүй жана Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында түнкүсүн жаан жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Баткен облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30 градус ысык болот. Талас облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32 градуска чейин ысыйт.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…15, күндүз 19…29 градустун тегерегинде ысып, аймактарга жараша өзгөрүп турат. Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 12 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 28…30 градус ысык болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 1-августта күндүз 22, ал эми 2-августта эртең менен 21 градус жылуу болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG