Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Террорчул топко тиешеси бар делген жаран кармалды


Кыргызстанда террорчул деп эсептелген "Жайшул-Махди" уюмунун активдүү мүчөсү делген адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы кабарлады. Ал 1974-жылы туулган Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Тинтүү учурунда анын жашаган жеринен колго жасалган жардыргыч жана диний-экстремисттик мазмундагы китептер табылды.

Террорчул "Жайшул-Махди" уюмунун мүчөсү делген бир нече кишиге 2010-жылы Бишкектеги спорт сарайдын жанында теракт уюштурган, АКШ жаранын тоногон, Бишкек милициясынын имаратынын жанында жардыруу даярдаган, Октябр райондук милициясынын үч кызматкерин өлтүргөн деген айып тагылган. Азыр алар УКМКнын тергөө абагында камакта жатышат. Кылмыш иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG