Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Акыйкатчы “Кумтөрдү” ыксыз текшербөөгө чакырууда


Акыйкатчы Турсунбек Акун “Кумтөрдө” ыксыз текшерүүлөрдү токтотуу сунушун президент Алмазбек Атамбаев, спикер Асылбек Жээнбеков жана өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго жөнөттү. Омбудсмен аппаратынын басма сөз кызматы кабарлагандай, мекемеге “Кумтөр” кенинде иштеген миңдей жумушчу кайрылып, текшерүүлөр иш ыргагына тоскоол болуп жатканын билдиришкен.

Акыйкатчы “Кумтөр” өлкөдөгү эң негизги салык төлөөчү ишкана экенин эскертүүдө. Ушул тапта алтын кендеги экологиялык, техникалык абалды мамлекеттик комиссия текшерүүгө алууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG